Бүгүн, 16-октябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоонун алдын ала жыйынтыктары туурасында маалымат жыйын өткөрүүдө. Журналисттер Бабановго суроолорду берүүдө. Таласта эл чогулуп жатат деген маалыматтар боюнча сураганда Бабанов:
"Таласта элди мен чогултуп жаткан жокмун. Аны силер билесиңер да, мен эч кимди чогултуп, элди чыгарайын деген оюм жок. Каяктан маалымат чыгыптыр?" - деди.
Добуштарды альтернативдүү саноо боюнча жыйынтык кандай болору тууралуу берилген суроого ал "аймактардагы шайлоонун жыйынтыктарын, мисалы, Кара-Кулжа, Кара-Суу райондорунан ала албай жатабыз. Аларды санаганда деле алдын ала чыгарылган жыйынтыкка таасир берүүгө мүмкүндүк болбойт" деп жооп берди.