Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан айрым депутаттар лидери Бакыт Төрөбаевге нааразы болуп жаткандары айтылууда.
Фракциянын лидери Төрөбаев мындай сөздөр калп экенин SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, депутаттар ага нааразы болуп жатат деген ушак сөз.
Төрөбаевге нааразы делген депутат Тазабек Икрамов бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартууда.
Буга чейин айрым депутаттар фракциянын кезексиз жыйынына чогулуп, нааразычылык айтышып, лидердин отставкасын талап кылууга ниеттенүүдө деген сөздөр айтылган.