Ырчы, "Кыз-Бурак" тобунун көркөм жетекчиси, Кыргыз эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын кызы Сайкал Садыбакасованын турмушка чыгары маалымдалган. Гүлшайыр Садыбакасова кызынын кимге турмушка чыгарын ага сөйкө салынганга чейин коомчулукка ачыктабай турганын билдирген.
Бүгүн, 25-октябрда кыргыздын салты боюнча Сайкалга анын колун сураган мырза сөйкө салып, сүрөтүн өзүнүн жеке баракчасына жарыялады. Анда маалым болгондой, ырчы бийкечтин тандоосу - журналист, алып баруучу Максат Довранов экендиги ачыкталды.
"Көптөн күткөн күн. Кудайга шүгүр, тилектерим орундалууда... Апам жана апамдын келини", - деген билдирүүсү менен Максат Довранов Сайкалдын ак жоолукчан сүрөтүн илген.
Буга чейин Гүлшайыр Садыбакасова болочоктогу күйөө баласы чыгармачылык чөйрөдөгү жигит экендигин айткан.
"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча Максат Довранов "ЭлТР" телеканалындагы "60 мүнөт" берүүсү менен 2014-жылы "Жылдын мыкты ТВ персонасы" деп табылган.