"Өнүгүү-Прогресстен" кайсы 3 депутат жана эмне үчүн чыгарылганы белгилүү болду

Бүгүн, 25-октябрда парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы 3 депутатты катарынан чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган фракциядан депутат Зиядин Жамалдинов билдирди. Алар: Тазабек Икрамов, Камчыбек Жолдошбаев жана Алмазбек Жутанов. Булар "фракциянын талаптарын аткарбаганы үчүн" фракциядан чыгарылганы белгилүү болду.

Буга чейин Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан айрым депутаттар фракция лидери Бакыт Төрөбаевге нааразы экенин айтышкан. Төрөбаев мындай сөздөр калп экенин SUPER.KG порталына билдирди. Ал депутаттар ага нааразы болуп жатат деген ушак экенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан