Тазабек Икрамов: "Төрөбаев "Өнүгүү-Прогресстин" лидерлигинен кетиши керек эле"

"Өнүгүү-Прогрес" фракциясынын лидери кеңешип иш алып барбагандан кийин лидерликтен өзү кетиши керек болчу", - деп билдирди бүгүн, 26-октябрда SUPER.KG порталына депутат Тазабек Икрамов.

Кечээ аталган фракция өз катарынан 3 депутатын чыгарган, алардын бири Тазабек Икрамов болчу.

"Лидер биз менен кеңешпей иш алып барган. Мындай учурда өзү кетиши керек болчу. Алардын 3 депутатты фракциядан чыгаруу чечими эч кандай мыйзамда жок. 12 адам биригип дагы бир адамды фракциядан чыгара албайт. "Бизди колдогон жок" деп айтышыптыр. Туура, буга чейин булардын оюна кошулбай жүргөм. Жеке кызыкчылыгын же булардын бийликке келип бизнес кылышын каалабайм. Мен булардын кызыкчылыгын эмес, элдин кызыкчылыгын көтөрүп келем. Исхак Масалиевди спикерликке колдобогонум чын. Ооба, спикерликке жаштар келиши керек", - деди Икрамов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
bilbeim.dordoi
2017-10-26 10:05:05
СДПКга отуп кетсе керекда, кийинки шайлоого ошол партия менен барам деп бул депутат
+4
ori
2017-10-26 10:09:57
bilbeim.dordoi,кимге отсо да позиция эрки бар адам лидерине начальнигинин туурамес ишине каршы пикирин билдирет !кыскасы туура бул жигиттин кадамы арканды алыс ыргытты
-4
ori
2017-10-26 10:06:09
Тазабек таза жигит!урмат сый пахта койгондун ордуна чындык деп чыркырап атат
-3
ori
2017-10-26 10:07:25
Торобаев ичкен кудугуна тукуруп алды эми Сокенин иниси Асылбек бар жаныш бакиевден да жаман!абалына маймылдар ыйлайт ко чиркин
+3
Medinaa
2017-10-26 10:22:16
Ошо Асылбек эч жакпайт. ХХХХ.Бир жакшы ишин санасаң манжалар ашыкча.
+4
Jelezo
2017-10-26 10:48:12
Тазабек Икрамов ОПГ мүчөсү ошон үчүн бийлик тарапка өтүп кетти антбесе эртең эле камап салмак
+5
Jelezo
2017-10-26 10:49:27
Тизмеге ушундай рекетерди киргизип шайлоого катышкыла
+3
Taalaibek.
2017-10-26 14:19:39
Ичкен кудугуна тукурбо деген ушул.
+2
Patriot7
2017-10-26 15:01:05
Шайлоо алдында бут позициялар туура келет. Шайланып эшеги ылайдан откондон кийин "кылыктары" чыга баштайт, айрым депутаттардын....
+1
Best.bakyt
2017-10-26 16:22:54
Торобаевтин аркасы менен киши болгонун унутуп калган го ХХХХ. Этегине жармашып эптеп депутат болуп алып,эми коз карашым туура келбейт, мен эл учун демиш болуп койгонун кара.
+3
Shapak1979
2017-10-26 17:57:55
Бир сөз менен саткын экенсин!!! Сени ошол Төрөбайев депутат кылган. ор казсаң кең каз. Өзүң түшүп калаарыңды унутпа!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан