7-ноябрь дем алыш күн болгондугуна байланыштуу 4 күн катары менен эс алуу болот

Премьер-министр Сапар Исаков 28-октябрдагы эс алуу күнүн 6-ноябрдагы жумуш күнү менен алмаштыруу тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралу бүгүн, 26-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эс алуу күндөрүн туура пайдалануу максатында кабыл алынган бул токтом 5 күндүк иш графигинде эмгектенген мекеме, ишкана жана уюмдарга таандык.

Ошентип, 5 күндүк иш графигинде эмгектенген мекеме, ишкана жана уюмдардын кызматкерлери 4-ноябрдан 7-ноябрга чейин 4 күн катары менен эс алышат.

7-ноябрь - Улуу Октябрь революциясынын күнү. Бул күн Кыргыз Республикасында майрам болуп эсептелинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kosmos2013
2017-10-26 14:57:08
Аа жакшы жакшы
0
nursultanbek
2017-10-26 15:50:11
Супер инфо саламтсызбы . Студенттер окушабы билип бергилечи?
0
Maika
2017-10-26 17:16:19
nursultanbek, жазылып турат го. мисалы 5 күндүк системада окушса, демек 6-ноябрды 28-октябрда окушат.
0
imashbektur.95
2017-10-27 00:10:59
Оба, Супер инфо илим жана билим министрилигинен да тактап бергилечи!
+1
Ardak777
2017-10-27 09:53:54
imashbektur.95, анан булар эмне оюнан чыгарып жазып жатты беле. Азыр 21-кылым, ватсап, телефон деген бар, сурап эле ал елки. Анан бизге да айтып кой.
-1
admin_superstan
2017-10-27 10:04:39
imashbektur.95, nursultanbek, саламатсыздарбы! Сунушуңуздарга рахмат, аракет кылабыз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан