Атамбаев 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койду

Бүгүн, 26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев 7-8-ноябрда жыл сайын Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, жарлыкта Эмгек кодексине жана 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн, саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күндөрү боюнча парламенттин мурдагы чечимдерине өзгөртүүлөр киргизүү жазылган.

“Мындай сунуш Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Тарыхтын жана дүйнөнүн өзгөрүшүнө жол ачкан Улуу Октябрь Социалисттик революциясына 2017-жылдын 7-ноябрында 100 жыл толот. Анда саясий репрессиялардын 80 жылдыгына байланышкан иш-чараларды 2017-жылдын 7-8-ноябрында өткөрүү өкмөткө, жергиликтүү бийликтерге тапшырылды. Ошону менен катар эле парламентке жана өкмөткө Чоң-Алайдагы Ленин чокусунун аталышын Манас-Ата зоосу деп өзгөртүү жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталды. Анткени бул бүгүнкү күндө Кыргыз элинин көп кылымдык тарыхы менен бекемделген жападан жалгыз туура чечим болот”, - деп жазылат маалыматта.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан