Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев казак алфавитин латын тамгаларга өткөрүү боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы казак алфавитин латын тамгаларга өткөрүү боюнча атайын улуттук комиссия түзүүнү жана бул ишти 2025-жылга чейин бүтүрүүнү токтом кылган. Казак алфавитинин кириллицадан латын тамгаларына өтүүнү камсыздоо үчүн Назарбаев 32 латын тамгасынан турган алфавитти кабыл алуу тууралуу буйрукка кол койду.
Эскерте кетсек, 12-апрелде Назарбаев казак өкмөтүнө алфавитти латын тамгаларына өткөрүү боюнча график түзүүнү дайындаган.
Ошондой эле өлкө башчы жаңы алфавит коомду эффективдүү модернизациялоого, чет өлкөлөр менен болгон байланышты жакшыртууга жана балдардын англис тилин тез үйрөнүүсүнө чоң өбөлгө болорун айткан.
Мындан сырткары кириллица казак тилин бузуп жатканын белгилеп, казак тилинде "щ", "ю", "я", "ь" тамгалары жок экенин айткан.
Казак мектептеринде латын тамгалары менен 1-класстан баштап билим берүү 2022-жылы башталмакчы.