31-октябрь күнү АКШнын Нью-Йорк шаарында айдоочу жүк ташуучу унаасы менен жөө адамдарды тебелеп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү 29 жаштагы Сайфулло Саипов аттуу Өзбекстандын жараны экени айтылууда.
"Кылмышка шектүү жүк ташуучу унаасын велосипед өткөн жол менен айдап, бир нече адамды тебелеп кеткен. Андан соң мектеп окуучулары бараткан автобусту сүзүп токтогон. Ал дароо унаадан чыгып элге ок атууга аракет жасап жатканда полиция ага ок атып, колго түшүрүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болуп, 11 адам жаракат алган. Нью-Йорк шаарынын мэри бул окуяны "террордук чабуул" деп атады", - деп айтылат маалыматта.