АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Манхэттен районунда орун алган терактка шектелип кармалган өзбекстандык Сайфулло Саиповго жаза чарасын көрүү маселесин прокуратура карамакчы. Ал мындан ары өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилиши мүмкүн же өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Мындай маалыматты Нью-Йорк штатынын Түштүк округу боюнча прокурору Йон Ким маалымат жыйында билдирди.
"Терактты жасагандыгы үчүн ал өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Ал эми "Ислам мамлекети" тыюу салынган террордук уюмга материалдык жакта каржылоо көрсөткөн деген пункт боюнча алсак, ал өмүр бою эркинен ажыратылышы ыктымал. Ал эми өлүм жазасына тартууну прокуратура ишке ашыра алабы деген суроого келсек, бул боюнча дагы териштирүүлөрдүн жыйынтыгы менен чечимге келебиз. Өзүңөр билгендей, теракт уюштурулгандан бери аз гана убакыт өттү", - деди прокурор.