Кыргыз-Казакстан ортосундагы саясий кризистин айынан өлкөдө күйүүчү май тартыштыгы жаралышы мүмкүн экени айтылып жаткан. Кырдаал оор экенин бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеӊештин депутаттары айтып чыгышты.
"Бир бол" фракциясынан депутат Исхак Пирматов Кыргыз жеринде 2 аптага гана жетерлик күйүүчү май калганын, муну Кыргызстан мунай ташуучулар ассоциациясы айтпай жашырып жатканын билдирди. Депутат элге чындыкты айтуу керек деп эсептейт.
"Кыргыз мамлекети ЕАЭБге киргенден бери өлкөгө күйүүчү май пошлинасыз ташылууда. 12-октябрдан бери өлкөгө бир дагы вагон киргизилбей, бир дагы вагон чыгарылбай жатат. Бизде бензиндин 2 аптага гана жетерлик запасы калды, өкмөт жана мунай ташуучулар биримдиги маалыматты айтпай жатат. Пошлина киргизилсе, бензин кымбаттайт, муну элге ачык айтышыбыз керек", - дейт Пирматов.
Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы бул боюнча комментарий бере элек.
Күйүүчү майдын Бишкектеги баалары акырындык менен кымбаттоодо. Мисалы, АИ-92 бензининин 1 литри сентябрдын аягында 39 сом болсо, бүгүн, 9-ноябрга карата 39 сом 40 тыйынды түзүүдө. Бензиндин башка маркалары да 50 тыйынга чейин кымбаттаганын көрүүгө болот.