ТИМ: "Ренат Самудинов менен аялы Элнура Молдокадырова АКШга кирүүгө аракет кылган учурда кармалгандыгы тууралуу маалымат тастыкталды"

Жарандык активист Ренат Самудинов менен аялы Элнура Молдокадырова Америка Кошмо Штаттарынын аймагына кирүүгө аракет кылган учурда кармалгандыгы тууралуу маалыматты АКШ тарап тастыктады. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын АКШдагы жана Канададагы элчилигине АКШнын чек ара кызматы тарабынан 18-октябрда Самудинов менен Молдокадырованын кармалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алардын кармалуу себебин жана кандай абалда кармалып тургандыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги АКШнын чек ара жана иммиграциялык кызматы менен байланышкан.

Натыйжада Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырованын Америкага кирүү үчүн визасы жок болгондуктан кармалганы маалым болгон. Белгилүү болгондой, кармалгандан кийин алар АКШдан саясий башпаанек сураган.

Азыркы тапта аталган маселе АКШнын иммиграциялык сотунун кароосунда экенин, алар Вашингтондогу Кыргыз элчилигине кайрылышпаганын ТИМден билдиришти.

Айта кетсек, айрым маалымат каражаттары Самудинов менен Молдокадырова 19-октябрда Мексика аркылуу АКШга кирүүгө аракет кылышканын жазып чыгышкан эле.

Маалымат үчүн: Ренат Самудинов буга чейин КСДПнын жаштар канатынын жетекчиси катары таанылган. Самудинов президенттик шайлоого партиядан бир эле талапкердин аттанышына каршылыгын көрсөткөн. Анда партия Самудиновду катарынан чыгаруу чечимин кабыл алган. Буга анын ички тартипти бузуп, эч кандай ыйгарым укугу жок эле партиянын атынан билдирүү жасаганы себеп болгону жарыяланган.

Ал эми анын жубайы Элнура Молдокадырова КТРК каналында кабарчы болуп иштеп турганда эшек этинин чуусу боюнча материалы менен коомчулукка таанылган. Самудинов партиядан четтетилгенден кийин Молдокадырова жумушунда тоскоолдуктар болуп жатканын айтып, иштен кеткен. Бирок каналдын башкы директору Илим Карыпбеков эч кандай тоскоолдуктар болбогонун билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Farm94
2017-11-09 15:13:20
Бул бийликтин шиши жарылайын деп калды окшойт.Жаштарды колдобойбу бут тоскондун оордуна
+8
Farm94
2017-11-09 15:13:42
Эртерээк чыгышсын эркиндике
+7
PeRa
2017-11-10 00:13:39
Эгер алар политикалык качкын статусун алгысы келсе, элчиликке маалымат берилбеши керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан