Тышкы иштер министрлиги жарандык активист Ренат Самудинов менен анын жубайы журналист Элнура Молдокадырованын АКШга мыйзамсыз барган жеринен кармалды деген маалыматты тактап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда SUPER.KG порталына аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Айрым маалымат каражаттары Самудинов менен Молдокадырова 19-октябрда Мексика аркылуу АКШга кирүүгө аракет кылышканын бүгүн жазып чыгышты. Анда эки жарандын Америкага кирүү үчүн визасы жок болгондуктан, чек арачылар тарабынан кармалганы жазылган. Ошондой эле алардын саясий башпаанек сураганы айтылууда.
Учурда экөөнүн тең телефондору өчүк. Социалдык тармактагы баракчаларында 18-октябрдан тарта пост жазылган эмес.
Маалымат үчүн: Ренат Самудинов буга чейин КСДПнын жаштар канатынын жетекчиси катары таанылган. Самудинов президенттик шайлоого партиядан бир эле талапкердин аттанышына каршылыгын көрсөткөн. Анда партия Самудиновду катарынан чыгаруу чечимин кабыл алган. Буга анын ички тартипти бузуп, эч кандай ыйгарым укугу жок эле партиянын атынан билдирүү жасаганы себеп болгону жарыяланган.
Ал эми анын жубайы Элнура Молдокадырова КТРК каналында кабарчы болуп иштеп турганда эшек этинин чуусу боюнча материалы менен коомчулукка таанылган. Самудинов партиядан четтетилгенден кийин Молдокадырова жумушунда тоскоолдуктар болуп жатканын айтып, иштен кеткен. Бирок каналдын башкы директору Илим Карыпбеков эч кандай тоскоолдуктар болбогонун билдирген.