Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты. Ушул кезге чейин аталган кызматта иштеп келген Бактыбек Кудайбергеновдун ордуна Улан Карагулов дайындалды. Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн маалымат кызматы SUPER.KG'ге тастыктады. Анда белгилүү болгондой, аталган буйрукка Өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн кол койгон.
Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов аталган кызматта 2013-жылдан бери иштеп келген. Ал өз арызынын негизинде кызматтан кеткени маалым болду.
1979-жылы Кемин районунда туулган Улан Карагулов буга чейин Кемин районунун акими кызматын аркалап келген. Ал Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде экономист-финансист адистиги боюнча билим алган. Кемин районунун акими кызматын 2017-жылдын февраль айынан баштап аркалап келген.