Мамлекеттик мүлк фонду "Мегакомду" сатуу боюнча Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү токтотту

Мамлекеттик мүлк башкаруу фонду “Мегаком” компаниясын (“Альфа Телеком” ЖЧКсы) сатуу боюнча орусиялык ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү токтотту. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Мекемеден түшүндүрүшкөндөй, тараптар эки жакты тең канааттандырган шарттарга жете алышкан жок.

Айта кетсек, быйыл 26-сентябрда MegaСom компаниясын Орусиянын жараны Елена Нагорная аттуу ишкер сатып алууга ниеттенгени белгилүү болгон. Комиссия анын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга макулдук берген. Елена Нагорная коюлган бардык шарттарды аткарып, жакынкы күндөрдө акча каражатын которууга даяр экенин билдирген.

Шарттар боюнча компанияны сатып алууну каалагандар акциялардын 100 пайыз пакети үчүн 13,5 миллиард сомдон аз эмес акча каражатын төлөшү керек. Ошондой эле ага жалпы сумманын 7 пайызы комиссия катары кошулмак. Сатып алуучу соттук иштерди да өз моюнуна алат.

Белгиленген аукциондор өткөрүлбөй калганы үчүн MegaСom түз сатык аркылуу сатылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан