"Мегакомдун" баасын түшүрүп сатып, акчаны "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга жумшаш керек" дейт президент

"Мегаком" компаниясынын баасын дагы түшүрүш керек" деген пикирин бүгүн, 20-ноябрда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев айтты.

Анын ою боюнча, "Мегакомдун" баасын дагы 20-30 пайызга түшүрүүгө болот. "Ким көп берсе, ошого сатыш керек. Акчаны "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга жумшаш керек", - деди өлкө башчы.

Айта кетсек, "Мегакомдун" менчикке сатылары 2015-жылы чечилген. Эки жылдан бери компанияга инвестор табылбай, аукцион аркылуу сатуу үч аракетте да ишке ашкан жок. Аукциондон аукционго жылган сайын "Мегакомдун" баасы арзандаган. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Үчүнчү жолкусунда 13 миллиард 500 миллион сом деп коюлган. Аукцион аркылуу сатуудан майнап чыкпагандыктан өкмөт "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын түз сатуу чечимин кабыл алган.

Мамлекеттик мүлк башкаруу фонду дээрлик 2 ай мурун "Мегаком” компаниясын сатып алам деген орусиялык ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон. Мекемеден түшүндүрүшкөндөй, тараптар эки жакты тең канааттандырган шарттарга жете алышкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан