Өкмөт жооп берет: "Мен машинамды ишеним кат жок эле сатып алгам, эми кантип өзүмө каттатам?"

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Окурманыбыздын калтырган суроосу: “Мен машинамды кантип өзүмө каттатам. Ишеним кат жок эле сатып алгам. Унаанын ээсин издеп таппай койгом. Унаанын техникалык паспорту мурунку ээсинде да жок экен”.

Жооп: “Мындай суроо менен көп жарандар кайрылышат. Суроо калтырган жаран алгач унаанын техникалык паспортунда кимдин аты жазылса ошону издеп табыш керек. Анда алып-сатуу боюнча келишим түзүп, машинаны өзүнө каттатса болот. Эгер ээсин таппай жатса, Бишкектин Токтогул-Ибраимов көчөсүнүн кесилишиндеги даректерди сурап-билүү бюросуна кайрылсын”.

Суроого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулар курамы департаментинин көзөмөлдөө бөлүмүнүн адиси Алберт Кожобергенов жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Isco23
2017-11-22 11:26:19
Чонтокко пул салып тупуп машина каттал десен катталат
+6
jbolotov
2017-11-22 13:01:31
Жооп канаатдандырарлык эмес экен, эгер ээсин таппасын ЦОНго барып кор.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан