Бүгүн, 22-ноябрда парламент буудайды импорттоого кошумча нарк салыгын киргизүүгө багытталган мыйзамын 3-окууда жактырды.
Добуш берүүгө катталган 101 депутаттын 99у мыйзам долбооруна "макул", экөөсү "каршы" деп добуш берди.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоор азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана эгин менен унга байланыштуу бюджет тартыштыгын кыскартуу максатында иштелип чыккан. Анда буудайды импорттоо боюнча кошумча нарк салыгынын коюмун 12 пайыз өлчөмүндө белгилөө сунушталган.