"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ош ШИИБи: "Түн ичинде суукта кайыр сурап отурган өспүрүм лөлү тектүү бүлөдөн болгон"

13-ноябрь күнү SUPER.KG порталына Ош шаарындагы "Ынтымак" кафесинин алдында 7-8 жаштагы бала кайыр сурап отурат, анын үстүндө кийими жука деген маалыматты "Элдик кабар" рубрикасына окурман WhatsApp аркылуу жөнөткөн.

Бул маалыматтагы жаш баланын ким экендигин аныктоо үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгына байланышып жооп алганыбызда, кайыр сураган бала лөлү тектүү экендигин айтышты.

"Ош облусунда лөлү тектүүлөр кайыр суроону кесип катары кабыл алып калышкан. Ош шаарынын өзүндө эле мындай кайыр сураган балдар жүздөн ашык жана алардын аты-жөнүн тактоо кыйынчылыктарды жаратат. Себеби лөлү тектүү үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү алышпайт, ата-энелердин өздөрүнүн да документтери жок. Буга байланыштуу аталган кафенин астында кайыр сураган баланын аты-жөнүн тактоо мүмкүн болбой жатат", - деп билдирет ШИИБден.

Ошондой эле ШИИБ өспүрүм балдардын кайыр суроосу боюнча рейддерди жүргүзүп, ата-энелерине эскертүүлөр берилгенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jasgul
2017-12-01 06:32:49
Лолуго окшобойт го. Алардын кебетеси башкача, а бул баланын кийген кийимдери жакшына эле го. Прическа дагы. Уйунон качкан го дейм бечара
+2
Totyua.71.
2017-12-01 07:36:06
Лолулордон болушу мумкун,анткени кайыр суроо алардын кесиби...
+6
Han1111
2017-12-01 08:08:08
Улуту ким болсо да жаш бала экен. Ата энесин жазалаш керек.
+5
kutlibek
2017-12-01 13:17:21
Han1111, Туура айтасыз жаш балдардын улутуна карап маамиле жасасак анда кандай болот билбейм
+2
Suzak12
2017-12-01 13:50:44
Дагы жургузгуло рейддерди эгер жакшы жургузгон болсонор балдар мынтип кочолоп олтурбайт эле деп ойлойм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан