Милиция Чубак Жалиловдун 6 саат суракка алынгандыгы боюнча комментарий берди

2-декабрь күнү Чубак Жалилов Ысык-Көлдө дарыланып жаткан жеринен Бишкекке алынып келип, Бишкек ШИИББинин тергөөчүлөрү тарабынан 6 саат суракка алынганын анын жактоочусу Акин Токталиев билдирген. Бүгүн ШИИББинин маалымат кызматынын жетекчиси Адыл Оморов Жалиловдун суракка алынышы боюнча комментарий берди. Анын айтымында, Жалиловдун 6 саат суракка алынганы боюнча жактоочунун маалыматы чындыкка жатпайт.

"Жалиловго карата кылмыш иши козголгон жок. Бирок өзүнүн айткан сөздөрү жана ага карата жазылган арыз боюнча тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берди. 6 саат суракка алынганы калп, 3-4 сааттай гана сурак берди. Ошондой эле жактоочунун "бийлик өкүлдөрүнө көрсөтөбүз дешип видеого да тартышты" деп айтканы чындыкка жатпайт. Видео тергөө үчүн эле тартылат. Тергөө тарабынан эч кандай мыйзам бузуу катталган жок", - деди Оморов.

Эске салсак, диний ишмер Чубак Жалилов өткөн жума элден келген суроолорго жооп берип жатып экинчи аял алганын айткан видеосун тараткан. Анын мындай аракети катуу талкууга алынып, "Кылым шамы" борборунун директору Азиза Абдирасулова диний ишмердин айткандарын текшерип чыгып, укуктук баа берүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылган.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Baku88
2017-12-04 13:38:31
Каргыш тийсин! Экинчи аял ал эле ал деп эркектерди угуттоп жатып бей күнөө наристелер өз жандарын кыйып жатат ошолордун убалы тийсин.
-39
rustin13
2017-12-04 13:44:45
Baku88,Алла ыйман берсин сизге!
+30
Azatbek83
2017-12-04 13:47:53
Baku88,башка улуттар менен ойношуп тууп таштап кеткенде коро экинчи Аял болуп тийсин дегендирда.
+19
Asyl10
2017-12-04 13:52:47
Azatbek83,Кыргыздын ар-намысы жок эркегине 2-3- аял болуп, бир грамм укукка ээ болбой,дагы канча катын ала коет экен деп зарлап, кор болгончо, башка улуттун жигитине биринчи аял болуп эркелеп жашаган жакшы.
-15
JaneEr
2017-12-04 14:17:20
Asyl10,кайсы улут биринчи
аял кылып жыргатып атат?
Мен билген эле кыргыз эжелер
Россияда озбектен торошуп
атасы Озбекстандан келбей
коюшкан балдары менен таштап.
+18
toktor89
2017-12-04 13:49:57
Baku88, кокус эже карындаш урук тууганын жесир калып калса, ыймандуу момунга бергин келбей ташка отко сууга сыйынган каапырга бергин келет окшойт.
Каапырларга бербегиле деп атат и башка улутка бергиче оз кыздарыбыз озубузго тийсин десе сен тетири суйлодун гоо.

Менден белек бир МИНУС!!!!!!!!::))
+15
nurhan2702
2017-12-04 14:47:28
toktor89,белегин озуно насип кылсын
-5
Dalil
2017-12-04 14:32:41
Baku88, ушундан көрө ойноштук кылгандарды каргасаң туура болмок. Акчаны намыстан жогору коюп кыздарын аялын жалгыз чет өлкөгө жөнөткөндөрдү каргасаң жарашмак.
+7
Tyty1990
2017-12-04 15:20:53
Baku88, каргышын озуно кайтсын.
+4
Jelezo
2017-12-04 13:42:34
Ажы балдарды да белге тептирип жатабы катын алам деп
-13
KAYRATBEK
2017-12-04 14:25:19
Jelezo, ар ким оз жолунда белге тепкидей зынаа кылдыбы биз адамбыз бир аз ойлонуп суйлосок. Экинчини эркектер алат эркек эместерге бироо да коптук кылат. Так что алгыла эркексинерби бирок ажырашкан бала чакасы менен алып баккыла эркек экенинерди далилдегиле.
+6
KAYRATBEK
2017-12-04 14:06:31
Биз адамбыз бир аз узунурак ойлойлу. Кыргызстанда 1 жылда 8000(сегиз мин)кыз келиндер ажырашат экен. Орто эсепте кыргызстанда 58мин . 60.мин кыз келиндердин куйосу жок. Бирок таза динди билбегенибиз учун аялдарыбыз да эркектерибиз да периште эмес. Устазга каршы болуп аткандарга Суроо. 1-Кыргызстандагы 58мин 60мин кыз келиндерди ким алат? 2-Эмне алар экинчи сорттогу адамдарбы? 3-Эмне алар бактылуу жашаганга акыс жокпу? Барыбызда ажырагкан туугандар бар жэ жалганбы? Аларды ким ойлойт?????????????
+3
nurhan2702
2017-12-04 14:50:03
KAYRATBEK,ошол 8000эрлери каяка кетет. Алар да бойдок калып атпайбы. Жылдызы туура келбесе башканы алат да
+4
nurka_85
2017-12-04 16:04:03
KAYRATBEK,
1-суроого: Ошол ажырашкан кыз- келиндердин куйоолору кимди алат?
2- ге : Эч ким ажырашкандарды 2-сорт дей албайт, ар кимдин тагдыры ар кандай.
3-го: Бешенеге жазылганын корушот.
Же эмне алар барып " бизди ким алат? " - деп арызданып жатабы?
Колунан келгендер ала беришсин.Балпайган байбиче,жайкалган карыя болуп балдардын торундо олтурганга эмне жетсин. Сый- урматтан кетип ар жакка темтендеп, бала- чакасына жузу жарык боло албай. Байбичеге эмне
0
Too-tash
2017-12-04 14:12:38
Чубак ажыны камаш керек 2 жылга!!! Экинчи аял алып, мен баштап берейин, улгу болоюн дейт, эми биринчи болуп камалып улгу болуп берсин, экинчи аял алгандарга эскертуу болуп....
-7
muslim87
2017-12-04 16:01:52
Too-tash, Чубак дамланы каматып коюп эки аялын бала чакасын сен багасыңбы? Аллахым сага да туура түшүнүк берүүсүн сурайм.
+4
ajdaaar
2017-12-04 17:32:45
muslim87, сот ууру менен адам олтургон кылмышкерлерди камап жатабы же алардын катын, бала-чакасын ким багат деп кое берип жатабы?!!

Чубак дамыллан билип туруп мыйзамды бузуп жаткан сон кылмыш жоопкерчилигине тартылып камалышы керек...

Катын, бала-чакасына тууган уругу каралашат... Мыйзам алдында байы да, кедейи да, молдосу да, кожосу да бирдей болууга тийиш.
0
admin_superstan
2017-12-04 14:19:00
Bars88, KAYRATBEK, жеке айтышууларга жол берилбейт.
0
KAYRATBEK
2017-12-04 14:31:17
Админ Кечирим сурайм. Бирок кээ бир акылы тайкы алысты коро албаган озун эле ойлоп озгону ойлобогон адамдар ото кобобп кетти. Адам болгула. Чыныгы эркек биринчисин толлук камсыз кылат анан экинчисин алат анын балдары болсо аларды да толлук камсыз кылат. Бул ЭРКЕКТЕРДИН иши анан колдон келбегендер жон жургуло. Коомго элге башка жактан жардам бергиле бирок зыянынар тийбесин.
0
nurhan2702
2017-12-04 14:51:35
KAYRATBEK,сен дагы ал кудай жалгагыр
0
admin_superstan
2017-12-04 14:49:40
Too-tash, KAYRATBEK, жеке айтышууларга жол берилбейт. Кимдир-бирөөнү мазактоого, анын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. 1 күндөн БАН!
-3
Дарыгер
2017-12-04 15:06:59
Эх адамдар Кыргыздар чындыкты тике карай албайтабыз. Кыз келиндери жүрөт го талаалап. Кээси кор болуп. Андан көрө кыргызга экинчи катын болуп бактылуу жашаса болду да. Башка улут силерди биринчи кылбайт только ойнош кылат
+6
alibai
2017-12-04 16:49:24
Дарыгер,Бактылуу болуп кетишине ,сен кепил болуп бересиңби? Же экинчи болуп тийгендердин баары эле бактылуубуз дештиби?
+1
jenibek
2017-12-04 15:50:33
ayalzatyga kayryluum .ejeler karyndashta chubak ajy baardyk erkekte algyla degen jok koluda barlar alsyn dep jatat bul birinchisi ekinchisi kaysyl erkek bolbosun bilip koygula namaz okup dindar bolbogon bolso oynosh kutup bashka kyzdarga baaribir barat siler bilbeysiner erkektin naturasy ushul bolup kaldy.baardyk negativ jazgandar ozunorgo ishenbegen kuyoomdu jogotup koyom dep korkkon ayaldarsynar.153 berenege toktolsok al jerde , eger eki je andan kop ayal menen choguu jashasan dep turat.
0
jenibek
2017-12-04 15:53:35
bashka bashka jashasan echteke bolboyt .ayalzaty baaribir egoist ekensiner.birok ushunu aytayin chubak ajy kyrgyz elini oylogon en ele patriot adam.Allah uluk
0
erkinali858585
2017-12-04 16:49:02
Мен билгенден кыргыз кызын азер алып аялдыка, эки ай жашап урушуп кетип 4-5 азерди уйуно чакырып ошолорго салып бериптир.мынчалык кор болгондон жакшы каркаса кыргыз жигитине экинчи аял болгону абзел.
+1
Asedullah1996
2017-12-04 22:45:18
Жараткан Аллах жалгыз ажыкебизди белек кылып берсе,бул кылгандары мени окундурот.Кочодо с...р коп....Эри жок кополоктар коп аларды унчукпай адалдап шарият жолунда никелеп алган ажыбыздын аялын коро албасак жеткен акмак экенбиз Кыргыз элим.Анан каргап шилтегендер бир жеринерди кы....р жакшы болот эле.Жашыруун алганда толтуракен.как будто мага 4 чу болуп тийесин деп жаткансып.Силердин статусунар башка Бул Аалым 10 жыл аравияда билим алып келген кыргызчаны экобузго караганда жакшы билген адам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан