Жалал-Абад облусунун Сузак районунда чогулуп турган мектеп окуучуларын айдоочу унаасы менен сүзүп кетти. Бүгүн, 4-декабрда SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жол кырсыгынан бир бала каза болуп, бири ооруканага жеткирилген. Ал эми окуя болгон жерден изин жашырып кеткен айдоочу изделүүдө. Кырсык кечээ, 3-декабрь күнү саат 21:30 чамаларында Жалал-Абад-Казарман жолунун 35-чакырымындагы Кара-Чолок айылында болгон.
"Айылдагы №54-Ысмаил атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучулары (5 бала) мончого баруу үчүн чогулуп жолдун четинде турушкан экен. Нива үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Казарманды көздөй бара жатып аларды сүзүп кеткен. Окуя болгон жерден айдоочу изин жашырып качып кеткен. Натыйжада 2003-жылы туулган М.Б. аттуу окуучу окуя болгон жерден каза болгон. 2002-жылы туулган Б. уулу А. денесинин ар кайсы жеринен жаракат алып жана оң буту сынып Октябрь аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми калган 3 бала унаадан качып аман калышкан", - дешти облустук милициядан.
Ыкчам-тергөө топторунун аракетинин натыйжасында кылмышка шектүү аныкталып, ал Сузак районунун Таран-Базар айылынын тургуну болуп чыкты. Ал кырсык болгон жерден изин жашырып кеткенден кийин унаасын өзү жашаган үйгө токтотуп, өзү качып кеткен. Унаа боюнча тергөөчү акт түзүп, унаа айып аянтчасына токтотулду. Ал эми кылмышка шектүүнү кармоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.