Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган убактылуу тыюулар талкууланды

Бишкекте бүгүн, 5-декабрда жарандардын митинг өткөрүү эркиндиктери талкууланган тегерек стол өттү. Ага укук коргоочулар Нурбек Токтакунов, Азиза Абдрасулова, активист Мавлян Аскарбеков, сот, прокуратура органдарынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Жыйында катышуучулар тынч митингдерди өткөрүү жаатында жарандардын укуктары чектелип, бийликти сындаган митингдерге уруксат берилбей жатканын айтышты. Нурбек Токтакунов митингге чыккандар милициянын "тарап кеткиле" деген эскертүүсүнөн кийин тарап кетип, өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарынын корголушу үчүн күрөшпөй жатканын айтып сындады.

Активист Айбек Бузурманкулов өлкөдө телефон аркылуу жарандарды тынч митингге чакыруу кыйын болуп калганын, анткени сүйлөшүүнү атайын кызматтар жаздырып алып, эртеси интернетке "баш аламандык кылууга даярданууда" деп жарыялап жиберүүсү адатка айланып баратканын мисал кылды.

Эскерте кетсек, быйылкы жылдын август айынан бери Бишкектин бир топ жерлеринде митинг өткөрүүгө 2 ирет тыюу салынган. Ал чектөө 1-декабрда күчүн жоготту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aruwka.89
2017-12-05 14:06:52
Супер инфо гезитинердин жаны саны качан чыгат интернете уже вторник болуп ататко
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-05 14:17:13
Aruwka.89, чыкканы качан
-1
Anichka12
2017-12-05 15:33:37
Алар чыкпай тургула биз бийликке карышы чыккандарды камап алалы дегени канча куносу жоктор камалып кеттиго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан