7-9-декабрь күндөрү Бишкекте "7-Пленардык Отурум" жана "Түрк тилдүү Өлкөлөрдүн Ассамблеясынын Кеңеши" өтөт.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, аталган иш-чараларга байланыштуу "Манас" аэропортунан Бишкекке чейин жана Жибек жолу, Фучик, Жаш Гвардия, Чүй, Абдрахманов, Манас, Чыңгыз Айтматов, Фрунзе, Бөкөнбаев, Эркиндик бульвары, Масалиев, Токомбаев, Шабдан баатыр, Садырбаев, Тыналиев, Ахунбаев көчөлөрүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Мындан улам аталган башкы башкармалык, шаар тургундарын түшүнүү менен мамиле кылууга жана алдын ала башка альтернативдүү маршруттарды тандап алууга чакырат.