Бишкекте мас абалында ИИМдин кызматтык унаасын сүзүп милиция кызматкерлери менен чатакташкан айдоочуга жана анын 3 жүргүнчүсүнө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, 6-декабрда саат 17:15тер чамасында ИИМдин атайын күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери бара жаткан унаа менен Mazda Atenza үлгүсүндөгү унаа катышкан жол кырсыгы катталган.
"Милиция кызматкерлери кызматтык унаасы менен сигналдарын иштетип Дүйшөнкул Шопоков көчөсүнө чыгып жатышканда Mazda Аtenza үлгүсүндөгү унаа келип сүзүп алган. Анын ичинде 4 адам болгон. Жол кырсыгы болгон жерге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери чакырылган. Алар келип окуянын чоо-жайын териштирип жатышканда жүргүнчүлөр чатак чыгарышып, жол кырсыгына кабылган милиция кызматкерлеринин унаасынын видеорегистраторун талкалашып, эс-тутум картасын алып алышкан.
Кийин эки айдоочу жана Mazda Аtenza үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүлөрү алкоголдук ичимдик колдонгонуна карата текшерүүдөн өтүшкөн. Натыйжада Mazda Аtenza үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана 3 жүргүнчүсү жол кырсыгы болгон учурда мас абалында болушкандыгы белгилүү болгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Андан сырткары учурда коомдук тартипти бузган 4 жаранга 234-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгонун кабарлашты.
Ошондой эле учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, эки унаа тең айып аянтчасына коюлганын кошумчалашты.