Бишкектин Арча-Бешик конушунан адамдын жансыз денеси табылды

Бүгүн, 8-декабрда SUPER.KG порталына өздүк булактан Арча-Бешик конушунан бычакталып каза болгон жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келген.

Бул маалыматты тактоо үчүн Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, алар адам өлүмү катталгандыгын тастыктады.

"7-декабрь күнү таңкы саат 6:50дө 102ге Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринен окуя боюнча чалуу келип түшкөн. Дарек боюнча Ленин РИИБинин ыкчам тобу барганда көкүрөгүнүн сол тарабына бычактан жаракат алган адамдын жансыз денесин табышкан. Каза болгон жаран 40-45 жаштардагы Арча-Бешик конушунун жашоочусу болгон. Териштирүүнүн негизинде каза болгон адам 1974-жылкы М.С. аттуу жаран экени аныкталган. Бул адам өлүмү боюнча учурда иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдирди Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан