Кубанычбек Кулматов кайра Бажы кызматын башкарат

Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы болду. Бул тууралуу журналисттерге премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Маалым болгондой, Бажы кызматынын башчысы Азамат Сулайманов кызматтан бошотулду.

Эске сала кетсек, кесиби боюнча тарыхчы Кубанычбек Кулматов буга чейин төмөнкү кызматтарда иштеген.

2004-жылы Бажы кызматынын департаменти, кирешелерди башкаруу бөлүмүнүн башчысы,

2004-2005-жылдары Бажы кызматынын департаменти, кирешелер боюнча комитетинин башчысынын орун басары,

2005-2006-жылдары Мамлекеттик бажы кызматы, инспекциянын башчысынын орун басары,

2006-2007-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын кеңешчиси,

2007-жылы Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары,

2010-2013-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы,

2013-жылы президенттин кеңешчиси,

2013-2014-жылдары Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү,

2014-2016-жылдары Бишкек шаарынын мэри,

2016-2017-жылдары Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун төрагасы,

2017-жылы сентябрь айында Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Azamat9
2017-12-11 13:58:12
Сапар мырза айтты го кызматтына берилгендер гана иштешет деп ))) баягылар балдары же жакындары. башкаларга орун жок жонокой элге жумуш РФ эле экен туугандар.
+5
Azamat9
2017-12-11 14:14:10
Мисалы Шведцияда Маданият министри актер, Билим министри омур бою мугалим болуп иштеген инсан, Саламаттык Сактоо министри Врач экен. КР баары башкача чыныгы жумушун билген инсандар бар, кооп бирок таанышы жок же бергенге акчасы жоок. Ошол себептеп бизге биринчи маселе кадрды туура тандап алуу. Президенттике ат салышкандардын баары татыктуу мырзалар Мисалы Таалатбек Масадыков Куралдууу кучтор тармагына Улукбек Кочкоров жаштар жана туризм министрлигине А.Мадумаровту Спикерлике О. Бабановну примерл
0
RusMos76
2017-12-11 14:14:28
Шахмат го тим эле ата бабасынан калгандай, кызматтан кызматка секирип!
+7
Arlenchik
2017-12-11 14:16:26
Майлуу жерден ушу кетпей койду, же бир кылган корунуктуу иши жок, мындан башка кадр калбай калгансып кайрале ушу, ээ жегичтер соз жок кыскасы баягыле жеп жутарлар, ишти алдыга суйрогон бироо жок.
+4
taku1414
2017-12-11 14:17:46
Ити чоп жеген киши го. Жалан майлуу кызматтарда журот.
+3
Azamat9
2017-12-11 14:18:29
биргелешип иштесе жакшы болот эле анан озумдун командам бар ошолордон башкалар борбойт кылбай. Канча деген профессионал банкирлер бухгалтерлер бар.Прокуратура боюнча прокурор мырзалар канчалары бар Полковник Генерал, жылдыздары менен жок болбойт только Аалы Карашевке жакын адамдар эле боло алат бул тармакта
0
kechirmeni
2017-12-11 14:20:55
калп эле татыктууларды, иштегендерди коюп атабыз деп местолорун алмаштырып акчаларын жеп атат окшойт Сапакем
+3
Jelezo
2017-12-11 14:59:54
Атасын тартбады ал киши эл үчүн кызмат кылган инсан эле, баласы бал муздак жеп чоңойгон да эл менен иши жок
+2
Emilzima
2017-12-11 15:14:41
Кулматовдон башка энергиясы кучтууроок кадр жокбу?Эптеп эле илен-салан кун откоруп жургондугу жузунон эле билинет.Накта профессионал коррупционер.
+3
edik-kg
2017-12-11 15:17:31
Универсал экенда а бул киши бир туруп банкты башкарат мэр бологалат кыр орус онуктурунуда башкарды эми бажыны кийин минздрав анан айыл чарба андан кийин министр оборон кайра бажы теоеретип журобергиле
+2
Emilzima
2017-12-11 15:20:28
Мурунку бажы башчысы Сулайманов моюну менен башы билинбей кош ээк болуп чочкодой семирди.Бажыдагы коррупцияны оз козум менен коруп журом.Аттин дунуйо дейсин.Байлык адамдардын козун май бастырды го...
+2
shankol88
2017-12-11 17:51:29
Ушул кубанычбек болбой еле койбоптур...ээми жейт екенда тоа кийиин кантип жооп берем не болот деп коркпойбу ушулар...?
+1
nur82
2017-12-11 19:11:08
Просто подход кылганды жакшы билген адам окшойт го.Майлуу жерлерде жургонуно караганда.Подхалин.
+1
FIFA7
2017-12-11 19:33:49
Кайрале саны бар сапаты жок .ок курсактар айланып журо берет экенда биринин ордуна бири отуп).
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-12 15:25:26
Сапарынар деле жарыткыдай эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан