Өкмөт: "Кыргыз өлкөсү Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты убактылуу пайдаланууга берүүнү чечти"

Кыргыз Республикасы Өзбекстанга Ысык-Көл облусундагы 4 пансионатты убактылуу пайдаланууга берүүнү чечти. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мындай чечим Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын ортосунда 1994-жылы 24-декабрда түзүлгөн Түбөлүк достук жөнүндөгү келишимге ылайык кабыл алынды.

"Аталган документ туризмди өнүктүрүү жана түз инвестицияларды алып келүүгө багытталган. Чечим боюнча "Бостери" (буга чейин "Золотые пески", Бостери айылы), "Алтын-Жай" (буга чейин "Рохат-НБУ", Кара-Ой айылы), "Энесай" (буга чейин "Дилором", Кара-Ой айылы), "Бустон" (Күн-Чыгыш айыл аймагы) пансионаттары өзбек тарапка өткөрүлүп берилет", - деп айтылат маалыматта.

"Пансионаттар жайгашкан жер тилкелер кыргыз тарапта калат жана убактылуу пайдаланууга берилет. Өзбек тарап пансионаттарды 3 же 4 жылдыздуу мейманкана деңгээлине жеткирүү милдетин алат. Курулуш убактысында Кыргыз жарандары жумушчулардын 80 пайыздан кем эмес болуш керек. Макулдашууларга ылайык, өзбек тарап эл аралык арбитраждык соттон доо-арызын кайтарып алышы керек", - деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан