Сапар Исаков МАИчилерди шылдыңдоону токтотуу керек деди

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерин шылдыңдоону токтотуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда премьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугун сактоо боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынында билдирди.

Ал айрым жарандар Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерин ачык эле шылдыңдап жатканын айтты.

"Бир нече күн мурун мен интернеттен мындай тоготпостукту көрдүм. Ал видеодо Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери жолдо бир унааны токтотуп, ага "жөө жүргүнчүнү жолдон өткөрбөй койдуңуз" деп так, сылык мамиле жасап, бардык талапты сактап кайрылып жатат. Айдоочу жол эрежесин бузганын моюнуна алган жок. Ал жерге дагы бир адам келип ал жөө жүргүнчү мен болчумун, мени өткөргөн болчу деп жатат. Кийин алар кетип бара жаткан Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерин шылдыңдап аркасынан күлүп жатышат. Бул кадамдары менен алар бийлик өкүлүн шылдыңдап жатышат. Ал эми алар шылдыңдап жаткан кызматкер ошол жерде тартиптүүлүктү сактоо үчүн турат. Мындан кийин биз Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин үстүнөн күлүп шылдың кылууга жол бербешибиз керек”, - деди премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
BekAmir
2017-12-14 11:44:03
Сыйлуу болуш учун сыйга татыктуу болуш керек. Такси кылып аран балдарын баккан айдоочулардын чонтогун андыганды токтотсун алар
+21
Jelezo
2017-12-14 11:49:01
ГАИ кызматкерлери кыйла бутуна туруп байып алышат экен да
+7
kechirmeni
2017-12-14 12:03:52
МАИчилер да ар турдуу, адамгерчиликтуусу бар, козелу бар. адамгерчиликтуусун сыйлап козелун шылдындоо керек
+8
Ermekbai
2017-12-14 12:13:31
Шылдыңдоого татыктуу булар
+6
naka11
2017-12-14 12:19:21
Антип шылдың кылгандарды штраф салыш керек ошондо токтойт.
0
Ermekbai
2017-12-14 12:20:40
naka11, Ошол штарафты чөнтөгүнө салып алып өлүп жатпайбы. Баары мыйзам чегинде болсо жүргүнчүда мыйзамга баш ийбей койбойт.
-2
Akjolmaga
2017-12-14 12:43:44
Ermekbai,
Менин оюмча мыйзамдын эч кимге кереги жок. Атайын эмес байкабай пешеходду коёбербей койсоң анан мыйзамдуу түрө 1023 сом төлөйсүң еще горгаиге барып, андан көрө маиге акырын алып коюңуз деп 200 сом берип кетип калганың жакшы любой киши үчүн
+2
karakulja
2017-12-14 12:51:23
Akjolmaga,Дабатка чыккан молдолорду
ГАИ кылып коруш керек пробага...
+2
Parish
2017-12-14 12:33:46
Гайи кызматкер оздору сылык болбосо эч качан мындай корунуш ондолбойт!!!!!
+2
TalaCSKA
2017-12-14 12:34:53
МАИ кызматкерлерин шылдындабай алардан коркуп сыйлап туруш учун ошол МАИкызматкерлери вообще пара албай только протокол тузуп штраф салса пара сунуштагандарга эки эселеп штраф салса ошондо сый болушат . эмесе журо беришет шумшуйуп шылдын болуп .
+4
gulmira12345
2017-12-14 12:38:02
алар токтотуп документ карабайт учурашып кол алышыпле кайра кайтышат
0
Nurbollot
2017-12-14 12:38:33
Акча берчи десе шылдындабай не кыласын
-1
Talantchik
2017-12-14 12:50:02
МАИлерди сыйлаш керек урматтагыла ж/к сыйлагыла
+3
Parish
2017-12-14 13:02:57
Talantchik, Сыйга сый сыр аяка бал
демекчи сыйласа сыйлайсын да,орондоп турса балээсине сыйлайсынбы.
+5
tular
2017-12-14 14:51:30
МАИ кызматкеолерин Эч ким шылдындаган жок, алар оздору эле шылдын болуп жатышат. Аларды биринчи очередь водительдер сыйлайт урматтуу Сапар Исаков, сен коро элек экенсин, кичуу болсо да байкелеп турушат айдоочулар, андан артык кайда сыйлаш керек.
+2
talant87
2017-12-14 16:30:16
ГАИ акчан болсо ойноп берсе керек
+1
Talantchik
2017-12-14 19:52:36
talant87, адам озун кандай ойлосо башканы да ошондой ойлойт
0
Ense1705
2017-12-14 16:35:40
Жол чыракта жашыл жанып турса,жоо жургунчу менен машине тен жарышып отот,суйлосон отуп кете бербейсинби дейт айдоочу терезеден башын чыгарып,кимди куноолошту билбейсин,эххх кыргызым онугушубузго кылым керектелеби
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан