Бишкек шаардык мэриясы жаңы жылдык иш-чараларга 3,4 миллион сом сарптайт

Бишкек шаардык мэриясы жаңы жылдык иш-чараларга 3,4 миллион сом сарптайт. Ал үчүн 12-декабрда тендер жарыяланган. Бул тууралуу аталган мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 14-декабрда билдирди.

Жарыяланган тендердин негизинде режиссёр-коюучу 3 иш-чараны өткөрүүсү керек. Биринчиси бул 15-декабрда өтө турчу өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи, ал эми экинчи иш-чара бул 31-декабрда аянтта эртең менен жана кечинде боло турчу концерт. Режиссёр мэрияга сахнанын жасалгасынын эскизин көрсөтүп, эстрада жылдыздарынын, чыгармачыл топтордун концертке катышуусун камсыздоосу зарыл.

Шаардык бюджеттен:

- үн, жарык берүүчү каражаттарга жана 3 LED-экранга 1 миллион 800 сом;

- режиссёр-коюучуга, чыгармачыл топко жана кийимдердин ижарасына 600 миң сом;

- түнкү саат 00:00дө асманга атылуучу майрамдык салютка 500 миң сом;

- видео жана фото кызмат үчүн 140 миң сом;

- сахнаны тургузууга жана аны жасалгалоого 394 миң сом.

Ал эми тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн "Ала-Тоо" аянтынын айланасына орнотула турчу биоажатканалар үчүн 20 миң сом каралган.

Айта кетсек, 2016-жылы Бишкек шаарынын мэриясы жаңы жылдык иш-чараларга 260 миң 900 сом сарптаган. Ал сумма быйылкыга салыштырмалуу 12 эсе аз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
FIFA7
2017-12-14 18:38:28
Жол ондош керек, уйу жокторго уй алып бериш керек десе акча жок дейтта, кайдагы капырдын майрамына акчадан аябай сарпташат.
+4
KGstan1981
2017-12-14 18:45:42
Карагылачы жон эле болбогон салютка 500 мин сом акча сарпташат экен.Ошол салютка кеткен акча асманга атылып жок болуп кетет.Кимге пайда ошо салютту чыгарган кытайлыктарга пайда.Ошондон коро ошол акчага ата энеси жок балдарга белек алып бербейсинерби.
+6
Holboeva92
2017-12-14 19:09:36
Эхх каяктагы капырлардын майрамына кеткен акча. Кышында суукта канчалаган уй булоо кичинекей балдыры менен суукта отурушат, ошолорго жардам берсе болмок 1 кундук майрамды деп канча акча кетет.
+2
Eli.91
2017-12-14 19:58:51
Ошол аянтчага баары тегиз барат деп ойлойсунарбы?жанагы эле бей бечаралар барбайт,колунда барлар баары ошол жерде болот,ошондой экен анын кимге кереги бар?андан коро олкобуздо кыйналган уйбуло коп ошол акчаны ошолорго таратбайбы?болбосо ооруп акча тапбайжургон адамдар толтура ошолорго кичинеден болсода берсе болбойбу?канчалаган соопторго калышат?бизге каапырлардын майрамын белгилоону Ким койду?акчаларды сапыруунун кажети барбы?неге елибиз мындайларга кош конул карайт?оздорунун эле пайдасына чур
0
Eli.91
2017-12-14 20:03:42
Чуркап журушот,андан коро ошол акчага элге пайдасы тие турган буюм алып келбейби?майрам деселе акчалар чыгатда,техникаларга келгенде акча жок?канча медисиналык жабдыктар бизде жок?ошолорду алып келбейби ордуна,каапырдын майрамдарынын бизге кереги жок андан коро олкобузго керектуу нерсе алып келсин.
0
Dalil
2017-12-14 20:50:56
Өкүнүчтүүсү биз айта беребиз бирок чоңдорду биз эмне деп сүйлөгөнүбүз кызыктырып да койбойт. Ошентсе да жөн гана бир күндүк майрам деп асманга чачылып жаткан акчаларды ойлосоң унчукпай отура албайсын. Канчалаган жаш балдар бөлүнгөн акча аздыгынан балдар үйүнө деп кайыр сурап жүрүшөт базарда. Өлгөндө баарыбыз мусулманбыз молдо чакырып жаназа окутуп, бирок өкүнүчтүүсү көпчүлүгүбүз каапырлардын майрамын эң чоң майрам кылып белгилейбиз. Биз кимбиз мусулманбы же ...?
+1
altyw95jan
2017-12-14 20:51:52
Ушундайларды тыя турган чубак ажы эле анын камалышын каалап атасынар
+1
muslim87
2017-12-15 00:44:40
3.4 милион эмне деген акча э? Бир күндө сапырылатда жок болот. Балдар үйүндө канча деген балдар бар мээримге муктаж болгон, белек бекчектерди алып ошолорго барышпайбы. Кароосуз калган карылар бар, Ошолор жаткан карылар үйүнө барышпайбы. Өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан ооруулуулар бар ошолорго жардам кылышпайбы. Мүмкүнчүлүгү чектелген инивалид ушуга окшогон жардамга муктаждарга коротсо болмок ушундай акчаны. Бир күндүк жыргалчылык үчүн чача бербей. Бул акчалардын да эсебин берээр күн келээр.
0
muslim87
2017-12-15 00:50:27
Бир күн келип Текебаев, Шыкмаматов, Салянова, Чотонов, Төлөгөнов, Келдибековдорго окшоп негизсиз акчаны коротушкан деп булардын да үстүнөн кылмыш иши козголуп темир тор ичинде калышы толук ыктымал. Алмайдын бермейи бар деп коёт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан