Саясатчы Адахан Мадумаров референдум өткөрүү үчүн кол топтоо процесси Москва шаарындагы Кыргыз жарандарынын арасында активдүү жүрүп жатканын айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 20-декабрда өткөн маалымат жыйынында билдирди.
"Учурда кол топтолуп жатат. Москва шаарында процесс активдүү жүрүүдө. Ошондой эле Кыргыз мамлекетинде кол топтолууда. Мурда кээ бир жарандар мындай нерсени ачык колдой алышчу эмес, азыр болсо ачык колдоп башташты. Түркиядагы Кыргыз жарандарынан дагы кол топтолот. Бүгүн 300 миң кол топтоло турган болсо, бир сааттан кийин референдум өткөрүү маселесин көтөрүп чыгууга даярмын. Бул демилге эмес, бул талап", - деди Мадумаров.
Ал референдум өткөрүп, президенттик башкарууга өтүү керектигин, 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны кайтаруу зарылдыгын билдирди. Мындан тышкары Мадумаров Кыргыз менен Орусиянын ортосунда кош жарандуулукту киргизүү керектигин айтты.