Жогорку Кеӊеште Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашуу экинчи окууда жактырылды.
Келишимге ылайык, Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстан менен бирге пайдалануу чаралары каралууда. Анда суу сактагычты кайтаруу, иштетүү, башкаруу укугу толугу менен кыргыз тарапка өтөт. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алат. Келишим мөөнөтсүз мезгилге түзүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусунда болуп, ага ээлик кылуунун шарттары чечилбей келген. Буга чейин аны өзбек сакчылары кайтарып турган. Орто-Токой суу сактагычы чек арадан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Анын жалпы аянты 850 гектарды түзөт. Сыйымдуулугу – 165 миллион куб метр. Топтолгон суунун 92 пайызын Өзбекстан, ал эми 8 пайызын Кыргыз өлкөсү пайдаланат.
Келишим ратификациялангандан кийин өзбек тарап суу сактагычта иштеген кызматкерлерге маяна катары жана электр чыгымдары үчүн 16-20 миллион сом өлчөмүндө каражат же жалпы чыгымдын 92 пайызын бөлөт. Кыргыз тарап үчүн жаӊы 60 жумушчу орун ачылмакчы.
Бул макулдашууга Жогорку Кеңештеги 101 депутаттан 100 депутат "макул", 1 депутат "каршы" деп добуш берди.