АКШ дүйнөдөгү укук бузууларга тиешеси бар деп айтылган бир канча адамдарга санкция киргизди. Тизмеде Гүлнора Каримова да бар

Гүлнора КаримоваАКШ дүйнөдөгү адам укуктарынын бузулушуна жана коррупциялык иштерге тиешеси бар деп айтылган бир канча адамдарга каржылык санкция киргизди. Тизмеде Өзбекстандын экс-президенти, маркум Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнора Каримова да бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Президент Дональд Трамп буйрукка кечээ, 21-декабрда кол койгон. Ага ылайык, АКШ санкция киргизген 13 адамдын тизмеси жарыяланды. Муну менен катарлаш эле АКШнын мамлекеттик катчылыгы жана Башкы прокуратурасы дагы 39 юридикалык жана жеке жактарга карата санкцияларды киргизгени айтылат.

"Бүгүн АКШ дүйнөдөгү адам укуктарын бузган жана коррупцияга тиешеси барларга карата катуу чараларды көрөт. Мындай адамдардын АКШнын каржы системиндеги байланыштары жабылат. Аларга караштуу активдер тоңдурулат", - деп билдирген АКШнын каржы министри Стивен Мнучин.

Пакистандык Мухтар Хамид Шах полиция тарабынан адам сатуу, адамдардын органдарын соодалоо боюнча айыпталганы үчүн тизмеде. Ал эми мьянмалык аскер офицери Маун Маун Со болсо рохинджа мусулмандарын куугунтукка алганы үчүн тизмеге кирген.

АКШнын каржылык санкциясына Өзбекстан, Орусия, Украина, Пакистан жана башка өлкөлөрдүн жарандары киргени айтылат.

Эскерте кетсек, 2013-жылы Гүлнора Каримовага карата салык төлөөдөн баш тартуу, кылмыштуу топко кирүү, опузалап талап кылуу менен акча каражатына, мүлк объекттерине ээ болуу, документтерди жок кылуу жана катуу фактылары менен кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azatbek83
2017-12-22 14:42:32
Маун Маун Со туура болуптур Мяньми Адам эмес!!!Америка Молодец !
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан