Бишкек шаарына үч жарым миллиард сомго газ менен жүрүүчү автобустар алынып келет

Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарына зарыл болгон автобустарды алып келүүнү каржылоону уюштуруу боюнча меморандумга кол коюлду. Ал автобустарды алып келе турчу 4 тараптын ортосунда ишке ашты.

"Меморандум боюнча бериле турган каражат 50 миллион доллар. Бул орточо үч жарым миллиард сомду түзөт. Бул акыркы так сумма эмес, сомдун курсуна карап бул сумма өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бул каражатка тендер уюштурулат. Анын негизинде канча автобус алынып келери такталат", - деди Бишкек шаарынын мэри, меморандумга кол койгондордун бири Албек Ибраимов.

Меморандумга кол коюу иш-чарасына өкмөт башчы Сапар Исаков да катышты.

"Жаңы автобустар борбордо 2018-жылдын жаз айларында болот. Бул эчак ишке ашмак, бирок кол коюу бүгүн жасалып жатат. Бүгүн төрт жактуу форматта бул келишимге кол коюлду. Долбоордун өзгөчөлүгү бул автобустар газ менен жүрөт. Бул арзан жана экологиялык жактан артыкчылыгы бар. Аталган автобустарда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ылайыктуу шарт, электрондук төлөм, вай-фай, кондиционер жана башка шарттар каралган. Биринчи этапта 350 автобус алынып келери пландалууда. Бишкек шаары акырындык менен 100 пайыз автобус каттамдарына өтөт", - деди Сапар Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
barsbegKG
2017-12-25 23:45:23
Өкмөт, негизи эле чоңдор бир нерсе жасаса чукуп чыкмай адатыбыз бар! Ушундай жакшы иштер көп болсун. Бирок... бирок эки 15 отуз эле болуп калып жатпайбы? Маршрутка айдагандар анан барып автобус айдап калса кошумча жумуш орду жок баягыдай эле жашоо. Жаңы жумуш ордун түзүү жөнүндө терең ойлонуу керек.
+2
kechirmeni
2017-12-26 07:23:53
Елкадан жеп эми автобустан жешет экен да
+1
edik-kg
2017-12-26 15:21:14
Мэрия озунор эле тентери жок прямой завод менен эле суйлошпойсунрбу эконом болот акча силер тендер откоруп анан бир компания утат ал комания бекер алып келет беле акча алат онор эмес
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан