Кыргыздын кызы алгачкы болуп чет элдик киберспорттук уюм менен келишим түздү

Кыргыз кызы Жамиля Алагозова алгачкылардан болуп чет элдик киберспорттук уюм менен келишим түздү.

Дүйнө жүзүндө популярдуу "Counter-Strike: Global Offensive"(CS:GO) компьютердик оюнун ойноп, өзүнүн кесибине айланткан Жамиля Алагозова орусиялык "SFT e-Sports" киберспорттук уюму менен келишим түздү. Келишимге ылайык, Жамиля Алагозова командасы менен бирге ар түрдүү эл аралык мелдештерге тандап алуу этаптарынан өтүп, мелдешке катышууга аракет көрмөкчү.

Айта кетсек, киберспорттук мелдештерде миллион долларга барабар акчалай сыйлыктар ойнотулат. 2017-жылдын эң ири "PGL Major Kraków 2017" мелдешинде жалпы байге фонду 1 миллион доллар болуп, 1-орунду ээлеген команда 500 миң доллар сыйлыкка ээ болгон. 2-орундагы команда 150 миң долларга ээ болсо, 3-орунду ээлеген команда 70 миң долларга ээ болгон.

SFT e-Sports командасынын кыздар курамасы:

Дарья Перова каймана аты "Sapphire" (Орусия) - команданын капитаны;

Ольга Мухина каймана аты "bONNIE" (Орусия);

Альбина Абушаева каймана аты "Ashlee" (Орусия);

Лина Сысоева каймана аты "Lasqa" (Орусия);

Жамиля Алагозова каймана аты "Jammie" (Кыргыз Республикасы).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aza84
2017-12-26 12:48:16
Сулуу кыз экен
+1
Omurbek998
2017-12-26 12:59:25
Ийгилик орустар менен болсон да ыйманынды жоготпосон болду
+1
Almaz_kg
2017-12-26 22:35:42
Дааа...контрда түндөп, күндөп убакыттар
0
syimyk-akbulak-2000
2017-12-26 23:07:21
Ооооххххх контр ды эзип койсоң керек э
0
Matahara1980
2018-01-02 22:59:15
Спорт деле эмеско кечке былтыйып компютерде отурса неси спорт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан