Бүгүн, 27-декабрда Жогорку Кеңеш жөлөк пул берүү мөөнөтүн 3 айга жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун 2-3-окууда колдоду.
Добуш берүүгө 109 эл өкүлү катышып, мыйзамга 103 депутат "макул", 6 депутат "каршы" деп добуш берди.
Айта кетсек, өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун киргизди. 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү “балага сүйүнчү” төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо ишке кирүү мөөнөтүн 3 айга артка жылдыруу сунушталган.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилери жазылган. Ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом бериле турганы камтылган. 21-июнда аталган мыйзам 3-окууда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ал эми ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 1-августта мыйзамга кол койгон. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек.