Бир сутка ичинде тайгаланып жыгылып травматология борборуна кайрылгандардын саны 21ге жетти

Бир сутка ичинде муздан тайгаланып жыгылып, травматология борборуна кайрылгандардын саны 21ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-декабрда жааган кардын кесепетинен жолдор көк музга айланып, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жараткан. Бир күн ичинде Манас жана Токтогул көчөлөрүндө жайгашкан травматологиялык борборго жалпы 50 адам кайрылган. Алардын 21и көчөдөн тайгаланып жыгылгандыгын билдиришкен.

"Тайгаланып жыгылгандардын көпчүлүгү ар түрдүү жеңил жаракаттарды алышкан. Азыркы тапта элдер тайгак жолдорго көнө элек. Жыл сайын кар жаагандан кийинки күндөрү мындай учурлар көп катталат, бирок кийинчерээк алардын саны азаят", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Азыркы тапта бардык травматологиялык пункттар күнү-түнү иштеп, дарыгерлер жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүгө даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2017-12-28 14:40:56
ар ким озуно бекем болуп абайлашы керек. Анан Мэрия да оз убагында жолдорду тазалап козомолдоп турса
+1
Isco23
2017-12-28 15:21:59
Биринчи кезекте "донголокторду" алмаштырыш кк)))липучкага
0
Dalil
2017-12-28 19:55:03
Тайгак жолдо бара жатып бир ой келди. Жолду бойлой жалаң ишкана дүкөн ж.б.у.с мекеме ишканалар экен биринин алды тазаланбаптыр. МЭРия ар бир ишкананын өзүнүн алдындагы жөө жүрүүчүлөр жүргөн жолду тазалоо милдеттендирилсе ушунча тайгаланып жыгылгандар көп болбосо керек эле.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан