Депутаттар кемчиликтерди кетирген өкмөттүн кызмат жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо керектигин айтты

Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында “ЕАЭБдин Бажы Кодексине” президенттин каршы пикири жөнүндө мыйзам долбоору каралды.

Жыйында депутаттар Исхак Масалиев, Төрөбай Зулпукаров, Максат Сабиров өкмөт тарабынан кетирилген кемчилик биринчи эле жолу болуп жатпаганын айтышты. Максат Сабиров билдиргендей, буга чейин өкмөт “Кыргыз Республикасындагы жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамында кемчилик кетирген.

Эл өкүлдөрү мындай орой кемчиликтерди кетирген өкмөттүн кызмат жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо керектигин айтышты.

Жыйынтыгында жооптуу кызмат адамдарынын жоопкерчилик маселесин кароо Жогорку Кеңештин тармактык комитеттерине сунушталды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен “2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга карата президенттин каршы пикири менен макул болуу чечими кабыл алынды.

Жогорку Кеңеш ЕАЭБдин Бажы кодексин 27-декабрда ратификациялаган. Анда кодекске президент кол койгон соң 15 күндөн кийин күчүнө кирет деп көрсөтүлгөн. Бирок президенттин каршы пикирине ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси 1-январдан тарта күчүнө кириши керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан