Катуу шамалдан жабыркаган айылдарга шифер жөнөтүлдү. Бул тууралуу кечээ, 2-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кант шифер заводунан 4760 даана шифер жүктөлүп, Ала-Бука районуна кетти. Жалпысынан ӨКМ унаалары менен 6740 даана шифер жөнөтүлдү.
Ал эми Талас облусуна 1210 даана шифер жүктөлүп жөнөтүлдү.
Эске салсак, 27-декабрда түнкү саат 3:00 чамаларында өлкө аймагында катуу шамал катталган.
Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда ылдамдыгы секундасына 30 метрге жеткен катуу шамалдан 530 үйдүн жана 17 социалдык объектинин чатыры зыян тарткан.
Талас облусунун Кара-Буура, Манас жана Бакай-Ата райондорунун аймагында 400гө жакын турак үйдүн, 30дай мекеменин чатыры жабыркаган.