Каза болгон Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Калмаматовдун ордуна Насыр Мусаев келиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда SUPER.KG порталына "Кыргызстан" фракциясынын катчылыгынан билдирди.
Катчылык кабарлагандай, "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча кезекте Насыр Мусаев турат.
Ал эми аталган фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков Жыргалбек Калмаматов каза болору менен ким депутат боло турганын жарыялаган туура эместигин айтып, тизмеден кароо керектигин белгиледи.
Белгилей кетсек, депутат Жыргалбек Калмаматов 1-январда инфаркттан улам каза болгон. Жыргалбек Калмаматовдун сөөгү өзү туулуп өскөн Алай районунун Гүлчө айылында жерге берилди.