Энергетиктер жаңы насыя алуу үчүн буга чейинки карызын төлөө мөөнөтүн жылдырууну суранууда

Бүгүн, 4-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Электр станциялары” жана “Улуттук электр тармактары” ачык акционердик коомдорунун 2017-2018-жылдардагы бюджеттик насыяларын кайра карап чыгуу жөнүндө мыйзам долбоору талкууланууда. Анда 2017-жылдагы 2 миллиард 366 миллион сом, ал эми 2018-жылда 2 миллиард 570 миллион сом карызды 2038-2040-жылдарга которуп берүү сунушталган.

Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев бюджеттик кодексте жардам алып жаткан компанияларынын карызы жок болушу керектигин айтты. "Ошондуктан биз насыяларды алышыбыз үчүн бул карыздарды кийинкиге калтырууну мыйзамдаштыруу зарыл. Буга чейин энергетика тармагы 101 миллиард сом карыз алган. Акыркы 7 жылда 1 миллиарддан ашык карыз алынды. Ал каражатка Бишкек ЖЭБ оңдолду, "Датка Кемин" курулду.

Эң оор жумуштар 2019-жылдан тарта башталат. Анда жылына бирден генератор алмаштырышы керек болот. Карыздардын баары тарифтер аркылуу кайтарылып берилет", - деди Калиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adilet2014
2018-01-04 21:14:32
Кыргызстан качан карыздар кутулаар экен ээ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан