Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Тайырбек Сарпашев өзүнө карата козголгон кылмыш иштер кыскартылганын бүгүн, 5-январда SUPER.KG'ге кабарлады. Анын айтымында, коюлган айыптар далилденген жок.
Башкы прокуратура 2017-жылдын февраль айында Сарпашевдин Максим Бакиевдики делген Скрябин көчөсү 45-45-а дарегинде жайгашкан жердин аресттен чыгып, сатылып кетишине себепчи болгонун жүйө келтирип, аны Мамлекеттик каттоо кызматынын башчылыгынан бошотуп турууну сунуштаган. Мындан улам мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Ал эми июнь айында Сарпашев өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.
Ошондой эле Сарпашевге 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турганда Мамлекеттик каттоо кызматындагы тендерде жеңилген компаниядан жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алууга уруксат берген деген да айып тагылган. Кийин УКМК курамында кылмыштын белгилери жок деп бул кылмыш ишин токтоткон.