Тайырбек Сарпашев кызматтан бошотулду

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев кызматтан бошотулду. Аталган мекеменин маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун SUPER.KG'ге билдиришинче, Сарпашев өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын 14-июнда жазды. Арызга премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура өкмөткө мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кызматтан алуу боюнча сунуш берген. Буга Максим Бакиевдики делген Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан жердин аресттен чыгып, сатылып кетиши себеп болгон. Бирок Сарпашев эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келүүдө. Мындан улам мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Ошондой эле Сарпашевге 2013-жылы вице-премьер-министр болуп турганда Мамлекеттик каттоо кызматындагы тендерде жеңилген компаниядан жаранды туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алууга уруксат берген деген да айып тагылууда. Сарпашев февраль айында кызматтан убактылуу бошотулган эле.

Сарпашев аталган мекемени 2015-жылдын ноябрь айынан бери жетектеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан