Сапар Исаков ЕАЭБдин Бажы кодекси тууралуу мыйзамында ката кеткени үчүн Кубанычбек Кулматовго, Артём Новиковго сөгүш жарыялады

"Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун даярдоодо тапшырылган милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бир катар кызмат адамдарына сөгүш жана катуу сөгүш жарыяланды.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Буйрукка ылайык, сөгүш экономика министри Артём Новиковго, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовго жарыяланган.

Ал эми экономика министринин орун басары Баккелди Тюменбаевге, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Ниязалиевге катуу сөгүш жарыяланды.

Мындан тышкары, өкмөттүн аппаратынын бир катар кызматкерлери милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн кызматтан бошотулду. Алардын бири Санжар Үмөталиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлү, өкмөттүн аппаратынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы катары ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bosmos77777
2018-01-08 11:51:53
Кулматовду такыр ! Кыргыздын бийлигине жолотпош керек. Сапар Исаков Кыргыздын келечектеги кучтуу ,корогоч. Жол башчысы катары кором. Бул инсан менен иштешууго даярбыз. Бул кишинин тегереги жаман.
+11
admin_superstan
2018-01-08 13:00:02
taku1414, бирөөнүн дарегине карата далилсиз маалыматтарды камтыган билдирүү жазууга тыюу салынат.
-4
keba300989
2018-01-08 13:23:35
Сапар Исаковду колдойм эч ойлонбой туура чечимге келсе тез чыгарат Кубанычбек Кулматовду сөгүш бербей эле айдаса жакшы болмок.
+4
Krai
2018-01-08 14:13:30
Азамат Сапар Исаков жакшы иштеп жатат коз тийбесин
+3
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-08 14:21:35
Кулмат озу бир ишке жарачы беле жон эле таарыхты изилдебейби таарыхчы болгон сон бажыда балее барбы
+2
Azatbek83
2018-01-08 15:12:35
Аша озу башкарып буйрук берип жатат !!!!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан