Президентти, депутаттарды жана премьер-министр баштаган аткаминерлерди калпак кийүүгө милдеттендирген мыйзам сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев ("Республика-Ата-Журт") кыргыз калпагын мамлекеттик символдордун катарына киргизүү боюнча мыйзам сунуштап жатат. Депутаттын демилгеси бүгүн, 8-январда коомдук талкууга коюлду.

“Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” мыйзам долбоору кыргыз элин руханий жактан өнүктүрүү жана муундан-муунга өтүп келген көп кылымдык салттарын сактоо максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбооруна ылайык, президент, төрага, премьер-министр чет өлкөлөрдө болгон расмий кабыл алуулар, иш сапарлар учурунда калпакты кийип жүрүүгө милдеттүү болот.

"Бардык деңгээлдеги чет өлкөлөрдө болгон расмий кабыл алуулар, иш сапарлар учурунда Кыргыз Республикасынын президенти, Жогорку Кеңештин төрагасы, анын орун басарлары жана депутаттар, премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү, расмий делегациянын мүчөлөрү кыргыз элинин салттарын жана маданий дөөлөтүн кеңири даңазалоо жана сактоо максатында ак калпакты кийип жүрүүгө милдеттүү", - деп белгиленген.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасында, ошондой эле чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн спорттук мелдештерде, маданий иш-чараларда, фестивалдарда, конференцияларда, семинарларда, көрсөтмөлөрдө Кыргыз өлкөсүнөн барган катышуучуларга аталган иш-чаралардын расмий бөлүгүндө ак калпакты кийүү сунуш кылынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
barakcha
2018-01-08 16:13:06
Колдойбуз!Ишке ашып калса экен.Кандай гана соонун корунот ээ калпактарды кийип журушсо?Айрыкча чет мамлекетке барганда дагы чечишпесе соонун болмок!Кочмондор оюну жок эле ак калпагыбыз менен даназаласак болот кыргыз элин!
+14
Muratmipa
2018-01-08 16:20:40
Исфанада мен жеендерди кором садиктен баштап чалдары да допусун кийип журот
-2
Dalil
2018-01-08 16:22:03
Аялдарды да ойлоп коюшпаптыр. Аялдар да чет өлкөгө чыкканда кыргыз экенин билдирген кийим кийүүгө милдеттенсе жакшы болмок.
+1
progresskg
2018-01-08 16:24:11
ушул тупойлор андан коро коосуздук жана жолдогу терроизмге каршы чаралар жонундо ойлонсо болот эле.
-8
israil
2018-01-08 16:27:22
Өмүрүндө калпак кийбеген псевдопатриоттор күйдүрөт да.
-2
Jumahmatov
2018-01-08 16:45:47
Колдойм милдеттендрилсин калпагы жок чыккандарын жоопко тартышсын ошондо гана конул буруп кийип калышат антпесе бул нерсе соз бойунча эле калып кетет
+9
Eksvp_1
2018-01-08 17:01:30
Мен колдойм . Эң туура мыйзам!
+6
bond02
2018-01-08 17:25:52
Кийиш керек кыргыздар эмес Кыргызстанда жакында ит деле кийди го калпакты. Анан мыйзамды сунуштаган депутаттын аты жону укмуш экен.
-3
bekov01
2018-01-08 17:53:12
Мен колдойм! Терс комментарий жазгандарга соз жок. Баш кийимимдин денгеелин которууну сунуштаган адамга ыраазычылык билдирип кетмекчимин
+3
salimbek87.kg
2018-01-08 18:10:12
Колдоймун туура чечим
+4
KGstan1981
2018-01-08 18:44:29
Мен Россияда Жума намазга барганда озубуздун улуттук Ак Калпагыбызды кийип алам.Кээ бир озубуздун эле кыргыздар баштап мени корушуп бул эмне крышасы кетип калганбы деп маскарашты.Бирок мен ага карабай азырга чейин намаз окууганымда дагын башымдан Ак Калпагымды чечпейм.Жакшы сунуш экен мен колдоймун.Анан президентибиз дагын беш убакыт намаз окууйт экен бул мыйзамды колдойт деп ойлойм.
+6
RaHat19
2018-01-08 19:00:55
бул соз жерде калбаса экен,озубуздун баш кийимди даназаласак анан бизди душман да сыйлайт.Тескери соз суйлогондор кыргыз эмес
+5
Asat17
2018-01-08 19:04:08
Мен да колдойм, сапатту кылып чыгарышса женил желпи жасалып калпактар аш тойлордо ары ьери эле ташылып калды.
+4
BekAmir
2018-01-08 20:46:55
Эн туура. Колдойм
+1
Almaz.bim
2018-01-09 09:50:50
Толтура чечилбеген койгойлор турат.Ушудан коро ошол проблемалар менен Алек болбойбу деймда.Ал еми Калпак биздин символубуз ал ар кимдин оз ерки кааласа кийет кааласа кийбейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан