ӨКМ: "Аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүшү күтүлүүдө"

Кыргыз өлкөсүндө аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, өлкө аймагында 11-12-январь күндөрү мезгил-мезгили менен кар жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында убагы менен катуу жамгырдын жаашы күтүлөт. Ошондой эле жолдордун тайгак болушу жана тоолордон кар көчкү түшүшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метр ылдамдыкты түзөт.

Аба ырайынын температурасы Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7 -12 градус, күндүзү -1 -6 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3 -8, күндүзү -1 -6 градусту түзөт. Ал эми Нарын облусунда абанын температурасы түнкүсүн -18 -23, күндүзү -5 -10 градуска чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aika0906
2018-01-09 23:32:57
жамгыр эмес кар жаабайбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан