8-январда Ош шаарындагы бардык мекеме ишканалардын жана мэриянын кызматкерлеринин жыйынында мэр Айтмамат Кадырбаев базарларда сатылып жаткан уйдун жана койдун этин арзандатуу тапшырмасын берди.
“Этке болгон баа жогорулап жатат. Шаардыктардан келип түшкөн арыз-дооматтар да жок эмес. Ошондуктан тийиштүү кызматтар, бир жуманын ичинде эт баасынын эсебин чыгарып, туруктуу баа коюп бергиле”, - деди Кадырбаев.
Эттин баасын арзандатуу, так эсебин чыгаруу максатында тийиштүү кызматтардан түзүлгөн атайын комиссия түзүлүп, текшерүүгө алынат.
Мэриянын маалымат катчысы Талантбек Канатбек уулу SUPER.KG'ге билдиргендей, Кадырбаев эттин чыныгы баасын аныктоо үчүн шаардык бюджеттин эсебинен уй сатып алып, анын этин базарда сатып көрүүнү сунуштады.
"Шаар башчы эттин баасын аныктоодо кыйынчылыктар болсо, бюджеттен 50 миң сом бөлүп берүүгө даяр экенин айтты. Ал акчага уй сатып алып, этин базарга саттырабыз. Анын жыйынтыгында базарда эт саткандар бир уйду союп сатуудан канча пайда таап жатканы белгилүү болот", - деди Канатбек уулу.
Учурда Ошто бир килограмм уй этинин дүң баасы 290 сом, чекене баасы 330 сом болууда.