Улуттук статистика комитетинин Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысынын иш бөлмөсүндө мас абалында уктап жаткан адамдар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда аталган комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Кечээ, 8-январда аталган видео боюнча кызматтык иликтөө дайындалды. Учурда Улуттук статистика бөлүмүнүн жетекчисинин иш бөлмөсүндө мас абалында уктап жаткандар кимдер экени такталып жатат", - деп билдиришти мекемеден.
Буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Ноокатта иш бөлмөсүндө уктаган жетекчилер" деген видео жүктөлгөн болчу. Айрым интернет колдонуучулар алардын бири Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчиси болсо, экинчиси Ноокат РИИБинин жетекчиси деген билдирүүлөрдү жазышкан. Бирок Ош ОИИБи мас болуп уктап жаткандар милиция кызматкерлери эместигин айтты.
"Бул факты боюнча иликтөө иштерин жүргүздүк. Ал иш бөлмөнүн да, андагы уктап жаткан адамдардын да Ички иштер министрлигине тиешеси жок. Интернетте айтылып жаткандай, мас абалында уктап жаткан адамдардын бири Ноокат РИИБинин жетекчиси эмес, ал жалган маалымат", - дешти ОИИБден.