Кыргыз кызды зордуктаган Түркиянын жараны 30 жылга эркинен ажыратылды

Кыргыз студент кызды тоногону жана зордуктаганы үчүн сот Фатих Йылмаз аттуу Түрк жаранын 30 жылга эркинен ажыратты. Ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте абакта өтөйт. Бул тууралуу түрк маалымат агенттиктери жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 3-январында өткөн сот отурумунда айыпталуучу далилдер жетиштүү болгондугуна карабай кылган кылмышын моюнуна албастан, соттон өзүн актоону өтүнгөн. Бирок сот зордуктоо үчүн аны 18 жылга жана тоноо үчүн 12 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Айыпталуучу жалпысынан 30 жылга кесилди.

Соттогу маалыматтарга ылайык, 2017-жылдын 26-августунда Стамбулдун метро бекеттеринин биринен 22 жаштагы кыргыз кызына белгисиз бирөө кол салып, зордуктап уюлдук телефонун тартып алган.

Жабыркаган кыз дароо полиция кызматкерлерине кайрылып, метродогу көзөмөл камерасы аркылуу зордукчул кишини аныкташкан. Көп өтпөй полиция кызматкерлери кылмышка шектүү жаранды шаардан чыгып кетмекчи болуп автобекетке келген жеринен колго түшүргөн.

Түрк жараны кыргыз кызды зордуктаганы үчүн 30 жылга соттолду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Tynybek1989
2018-01-10 06:17:10
Мынака полиция..... а биздечи чакырасын 4 саатта да келишпейт биз ишенген биздин милициябыз.
30 жылга камалган болсо Кудай деп 60 жашында чыгат экенсин.
А биздеда зордогондорду ушинтип жазаласачы,бизде баары чонтогуно кийинген кийимине колуна карашып турат,студент эмес 7-9-класстын окуучулары тороп жатышат.Бул билингени.
Бул аз келгенсип кичинекей наристелерге.......Эх Кыргызстанды башкарган.....кичинекей мамлекетке темирдей бекем законду киргизе албаган озунун камын ойлогон ад
+31
kechirmeni
2018-01-10 08:49:47
Мына закон, мына адилеттуулук
+15
AKCAHAT
2018-01-10 09:21:44
Кыргыз бала кыргыз кызды зордосо 3 ж кесилет,шарттуу турдо уй камагында)))))
+13
sely
2018-01-10 12:25:48
AKCAHAT,ой кана ошондой болсо. Бизде сразу кызды куноолошот. Кунаажын козун сузбосо бука жибин узбойт деп.
+8
Azatbek83
2018-01-10 12:44:54
sely,Кыздарда да куноо болот чала кийинип чыпташып шым кийсе киндигин корсотуп.Кеебири подстава беш кол тен эмес.Зордуктаган эки бутту айбандарды алигисин кесип эле салыш керек бычма болуп журо беришет!!!!
-1
gumigumi1990
2018-01-10 09:26:40
Биздин соттор улгу алса болот экен.
+9
Jelezo
2018-01-10 10:33:47
Бизде баласынын көзүнчө зордосо араң он жыл беришет
+7
al-abu-kinesz
2018-01-10 12:26:21
Биздин соттордо жок дегенде ушудардын жарымынчалык адилеттуулук болсо...
+5
Arlenchik
2018-01-10 12:43:17
Мына чыныгы сот адилеттуулук деп ушуну айтса болот, биздин саткын сотторго качан ыйман кирип ушулардай адилеттуу иштешет, биздикилер мынтип жаш кыздын укугун коргоп окум чыгарбай, кылмышкерден алчусун алып бошотуп иймек.
+5
anyuta
2018-01-11 03:45:47
Ал 30жылга деп чечим чыкса окумдун 1/4 откоруп боштондука чыгат до судебное разбирательство 5 ай 1куну 2 кун эсептелсе 6.5 жыл аралыгында. + амнистияга кирип калса кийинки жылы да чыгып кетери мумкун. Эмнеси адилеттуу. Буткул дуйнодо олум жазасын киргизиш керек да. Мындай манкурттарды бычтырып салыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан