Ноокатта иш бөлмөсүндө мас абалында уктап калган жетекчи кызматынан алынды

Улуттук статистика комитетинин Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысы иш бөлмөсүндө мас абалында уктап жаткан жеринен тартылып алынган видео боюнча кызматынан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган комитеттин Ноокат райондук бөлүмүнүн башчысы Расулбек Ташовдун иш бөлмөсүндө уктап жаткан видео боюнча кызматтык иликтөө жыйынтыкталды. Натыйжада аталган окуяны изилдеген комиссиянын чечимине ылайык, Расулбек Ташов эмгек тартибин бузгандыгы жана жумуш ордуна мас абалында келгендиги үчүн ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле анын орун басары Шайырбек Арапов дагы өзүнүн милдеттерин толук аткарбагандыгы үчүн кызматынан четтетилди.

Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Ноокатта иш бөлмөсүндө уктаган жетекчилер" деген видео жүктөлгөн болчу. Айрым интернет колдонуучулар алардын бири Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчиси болсо, экинчиси Ноокат РИИБинин жетекчиси деген билдирүүлөрдү жазышкан. Бирок Ош ОИИБи мас болуп уктап жаткандар милиция кызматкерлери эместигин айтты. Ал эми Улуттук статистика комитети бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлаган болчу.

Ноокатта кабинетинде уктаган жетекчилер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kattaldym
2018-01-10 12:32:49
Экинчиси эмне болду? Анын крышасы кучтуу бекен?
+6
kechirmeni
2018-01-10 14:51:17
Kattaldym,экинчиси да четтетилди деп турат го
+3
Reakciya
2018-01-10 12:45:30
Шайырбек Арапов, бул жанагы КТРК дан чыгып жургон теле алыпаруучу бала эмес беле?.
+3
Ermekbai
2018-01-10 13:18:29
Арактын кесири.
+3
futboler
2018-01-10 14:06:46
Урматтуу редакция, Шайырбек Арапов деген КТРде иштеген журналист бала эмеспи, тактап бергилечи
+3
Asyl10
2018-01-10 17:54:26
ИИИ уят эле болушуптур да, эшигин ичинен култап алышпаптыр да уйкулары келсе. Тойго же башка жакка туну менен конокто болушуп анан баштары ооруп, баш жазып анан уктап калышса керек да. Каап уят болушту эл-журтка. Ким тарта койду экен? Аыркы заманда колоконо деле ишенич жок, тартып интернет деген балээге жайып шермендени чыгарат, ар бир кадамды абайлап баспаса
+2
temirov76
2018-01-10 20:42:44
Кызматтан эле кеттиби,Корея болгондо бул жарык дүйнөдөн да кетип калмак.
0
tynchtyk93
2018-01-10 21:19:07
Мындай жумушунан ичкендер толтурада
0
Taalaibek.
2018-01-11 00:55:05
Башын которуп тарпайбы, экинчиси ким экени билинбептир.
0
eddi.kg
2018-01-12 09:09:00
Шайырбек Арапов деген клиптерге тартылып жургон жигит эмеспи?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан