Татту Мамбеталиева премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.
Эске салсак, Мамбеталиева учурда Интернет саясаты жарандык демилге коомдук фондунун директору болуп иштейт. Татту Мамбеталиева өкмөт башчынын онунчу кеңешчиси болуп дайындалды.
Өкмөт башчынын кеңешчилери Талант Султанов, Юлия Калиниченко, Бермет Турсункулова, Назик Бейшеналы, Калыкбек Султанов, Гүлнура Төрөлиева, Токон Мамытов, Мурад Омоев, Алексей Коротеев. Дагы бир кеңешчиси Эсенкул Момункулов кийинчерээк Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин директору болуп дайындалган.